Чой-Алайда 400 тонна картошка үрөнүн сактаган кампа ачылат

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 400 тонна картошка үрөнүн сактаган заманбап логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, логистикалык борбор эки бөлмөдөн турат, ар бир бөлмөнүн сыйымдуулугу 200 тоннаны түзөт. Ошондой эле картошканы сорттоо үчүн атайын зона да каралган.
Логистикалык борбордун муздаткыч камераларын куруу үчүн Ош облусу тарабынан 5 млн сом, Чоң-Алай райондук администрациясынан 5 млн сом, Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн 1 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Ошондой эле «Гуд Нейборс» уюму 12 млн сомдон ашык каражат бөлгөн.
“Аталган логистикалык борбор айыл чарба продукцияларын сапаттуу сактоо, үрөн картошканын туруктуулугун жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле фермерлерди колдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот”,-деп билдирди министрлик.