Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чу суусуна түшүп кеткен 35 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды.
Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратып, 20-апрель күнү Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, ӨКМ куткаруучулары тарабынан суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгенин билдирди.