Чүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалды

Чүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Москва районунун Ак-Торпок айылына жакын жердеги талаадан зордуктап өлтүрүлгөн эки эркек кишинин сөөгү табылган. Маркумдар 1999-жылы туулган Д.Д. жана 2003-жылы туулган К.Б. экендиги такталган. Алардын бири Д.Д. 1-марттан бери Бишкек шаарында изделип жаткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 25-февралда шектүүлөр жабырлануучуларды алдоо жолу менен ижарага алынган батирге алып келип, сабап, акчаларын жана iPhone 13, iPhone 15 үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан. Андан соң аларды тамак-ашсыз кармап турушкан.
26-февралга караган түнү жабырлануучулардын колун скотч менен байлап, көздөрүн таңып, ижарага алынган «Hyundai Sonata» унаасы менен Бишкек–Ош жолуна алып чыгышкан. Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы тилкеде аларды талаага алып чыгып, муунтуп өлтүрүшкөн. Сөөктөрдү талаага калтырып, маркумдардын кийимдерин жол жээгине ыргытып, Баткен облусуна качып кетишкен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары төмөнкү жарандар аныкталган:
- 2007-жылы туулган С.Б.;
- 2005-жылы туулган М.Б.;
- 2006-жылы туулган С.У.;
- 2001-жылы туулган К.О. (уюштуруучу).
С.Б., М.Б. жана С.У. Баткен облусунун Кадамжай районунан кармалып, соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынды. Кылмыштын уюштуруучусу катары издөөдө жүргөн К.О. 9-мартта Ош облусунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү М.Б.нын Кадамжай районундагы үйүн тинтүү учурунда К.О.нун атына жасалган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү жана милициянын лейтенантынын аскердик формасы табылган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.