Чүй облусунун мурдагы башчысы көп аял алган деп айыпталды
Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата кылмыш иши козголду. Экс-аткаминер үй-бүлөлүк мыйзамдарды бузган деп шектелүүдө.
Бишкектин Октябрь райондук ИИБсы билдиргендей, иш КР Кылмыш-жаза кодексинин «Эки же андан көп аял алуу» беренеси менен козголгон.
Иликтөөнүн башталышына У.Х. аттуу жарандын арызы негиз болгон. Аял укук коргоо органдарына кайрылып, буга чейин Мияров менен никелик мамиледе болгонун билдирген.
Арыздануучу мурдагы чиновник менен ортодогу баласын тарбиялап жатканын, учурда ал наристе катуу ооруп жатканын айтып берген.
Белгилей кетсек, мамилелер болгонун буга чейин Мирбек Мияровдун расмий жубайы да четке каккан эмес. Ал өзүнүн ачык билдирүүсүндө У.Х. расмий никеде беш баланын атасы болгон күйөөсүнүн «экинчи аялы» болуп калганын тастыктаган.
Мыйзамдуу жубайынын айтымында, үй-бүлө бул фактыны кабыл алып, жадагалса «экинчи аялга» олуттуу материалдык жардам көрсөтүп турган. У.Х.га үй, унаа сатып алууга жана сулуулук салонун ачууга жардам берилгени айтылат.
Учурда милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат.