Чүйдө уюшкан кылмыштуу топторго каршы «Бандит» аттуу атайын операциясы өткөрүлдү

Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө каршы «Бандит» аталышындагы атайын операция ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын биргелешкен аракеттери менен 8-августта уюшкан кылмыштуулукка каршы пландуу иш-чаралар өткөрүлүп, коомдук коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган ыкчам-издөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү менен 255 уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү адам аныкталды.
Операциянын алкагында 28 адамдан биометрикалык маалыматтар алынып, учурда 24 адам Кыргызстанда, 18и коңшу өлкөлөрдө жазасын өтөп жатканы белгиленди. Мындан тышкары, катталган дарегинде турбаган жана издөөдө жүргөн 179 адамга карата да алдын алуу иш-чаралары уланууда.
Белгилеп кетсек, аталган операция УКМК төрагасынын тапшырмасы менен 2025-жылдын июль айында министрлер кабинетинде өткөн жыйында ишке киргизилген.