Чыңгыз Айдарбековдун орун басары Стамбулга башкы консулдук кызматка барат

Чыңгыз Айдарбековдун орун басары Стамбулга башкы консулдук кызматка барат

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдук кызматына барат. Бул маалыматты  “Репортерго” ишенимдүү булактар кабарлап, учурда анын талапкерлиги каралып жатканын айтып берди.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын буга чейин Эркин Сопоков аркалап келген. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин кызматтан бошоп, 2019-жылдын ноябрь айында камакка алынган. Ошондон бери анын ордуна эч ким дайындала элек болчу.

Ишенимдүү булагыбыз кошумчалагандай, Нурлан Абдрахмановдун ордуна Тышкы иштер министринин орун басары  Улан Жусупбеков болот.

49 жаштагы Улан Жусупбеков мурда Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде жана Кыргызстандын БУУдагы  өкүлчүлүгүндө иштеген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>