Чүйдө эжесин өлтүрүүгө шектелип иниси кармалды

Чүйдө эжесин өлтүрүүгө шектелип иниси кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда бир тууган эжесинин өлтүрүүгө шектелип иниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-августта милицияга Кашка-Баш айылында 2000-жылы туулган Д.М. аттуу жарандын сөөгү табылганы, киши колдуу болгону, башында жаракаты бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары маркумдун инисин — 2008-жылы туулган Ж.М. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>