Чүй облусунда 29 жаштагы жаран өзүнүн досу менен өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 20-февралда милицияга 50 жаштагы аял кайрылып, аны менен чогуу жашаган 48 жаштагы А.К. 2024-жылы 2-ноябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.
Издөө иштеринин жыйынтыгында 12-мартта «Токмок — Кегети» жолунун чыгыш тарабынан А.К.нын сөөгү табылган. Ал киши колдуу болгону аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы Н.А. жана 28 жаштагы К.Ы. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү Н.А. макумдун өгөй баласы болгон. 2024-жылы ноябрда ал өгөй атасы менен чырдаша кетип, үйүндөгү досу (К.Ы.) экөөлөп өгөй атасын сабаган. Андан кийин өгөй атасынын колун байлап, «Хендай Соната» унаасы менен Кегети капчыгайына алып барып, ага бир нече жолу бычак сайышкан. Бычак жеген жаран ошол жерден жан берген. Алар маркумдун сөөгүн таштар менен көмүп, качып кетишкен.
Учурда тиешелүү экспретизалар дайындалып, тергөө уланып жатат.