Чүйдө тоого чыгып, бутун кокустатып алган кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө тоого чыгып, бутун кокустатып алган кызга жардам көрсөтүлдү

Чүй облусунун «Ала-Арча» капчыгайында бутун кокустатып алган эс алуучулардын бирине куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18 жаштагы И.А. аттуу кыз жыгылып, бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган.

Жерине мамлекеттик паркта нөөмөттө турган ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, жабырлануучуну тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көргөзүп туугандарына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>