Бүгүн түнкү саат 02:22 чамасында Чүй районунун, Искра айылы, Центральная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бир бөлмөсү жана ага жанаша турган гараж толугу менен, гараждын ичиндеги “BMW-525” үлгүсүндөгү унаанын капот бөлүгү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттү №24 ӨКБдан бир бөлүгү саат 02:50 чектөөгө алып, толук 03:45 өчүрүшкөн.
Өрттүн чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу болгон.
Жабыркагандар жок.