COVID-19: Акыркы суткада 377 адамдан аныкталды, 5 киши каза болду

COVID-19: Акыркы суткада 377 адамдан аныкталды, 5 киши каза болду

Акыркы суткада 377 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 100, Ош – 8, Чүй облусу – 127, Ош облусу – 26, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 36, Жалал-Абад облусу – 22, Баткен облусу – 30.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 71 миң 548дан коронавирус аныкталган, анын 62 миң 946сы сакайды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек – 4, Нарын облусу – 1.

Илдеттен өлкө аймагы боюнча жалпы 1 миң 256 адам көз жумган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>