Акыркы суткада 378 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 80, Ош – 11, Чүй облусу – 111, Ош облусу – 45, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 28, Жалал-Абад облусу – 54, Баткен облусу – 28.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча жалпы 70 миң 744 адамга коронавирус жуккан, анын 62 миң 48и сакайды.
Ал эми соңку суткада вирустан 4 адам каза болду. Илдеттен көз жумгандардын бүгүнкү күнгө чейинки жалпы саны 1 миң 245ге жетти.