Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Үсөнбаевдин айтуусунда, алар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн.
Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур катталды. Алардын 71и илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.