Соңку суткада коронавирустан 46 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Илдеттен каза болгондор төмөнкү аймактарда:
Бишкек шаары – 13;
Чүй облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 5;
Ош облусу – 5;
Нарын облусу – 4;
Ош шаары – 3;
Талас облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1169га жетти.