Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы беш кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты.
Каза болгондор — үчөө Баткен облусунда, бир адам Чүй облусунда, бир адам Бишкекте дарылынап жаткан.
Ал эми соңку бир сутка ичинде дагы 524 адамдын анализинен коронавирус аныкталган. Илдет жуктуруп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында – 108 адам;
- Ош – 51;
- Чүй облусу – 97;
- Ош облусу – 36;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 59;
- Жалал-Абад облусу – 105;
- Баткен облусу – 49.
Ал эми бир сутка ичинде бери 406 адам коронавирустан айыгып чыккан.
- Бишкек шаары – 95;
- Ош шаары – 20;
- Чүй облусу – 28;
- Ош облусу – 69;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 59;
- Жалал-Абад облусу – 108;
- Баткен облусу – 104.
18-марттан12-ноябрга чейин өлкөдө жалпы 64 887 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 55 824 киши ооруну жеңип чыккан. 1 193 адам илдеттен улам каза болгон.