COVID-19 менен ооруган эки бейтапты өлтүрдү деген шек менен дарыгер камакка алынды

COVID-19 менен ооруган эки бейтапты өлтүрдү деген шек менен дарыгер камакка алынды

COVID-19 менен ооруган эки бейтапты атайылап өлтүрдү деп шектелген дарыгер камакка алынды. Окуя Германиянын Эссен шаарында болгонун РИА Новости билдирди.

Эссен университетинин ооруканасынын дарыгери 18-ноябрда камакка алынган.

«Прокуратура менен Эссен полиция бөлүмүнүн биргелешкен иликтөөсүнөн кийин, дарыгер өмүрүнүн акыркы баскычында катуу ооруп жаткан бейтаптарга дары-дармектерди атайын жана мыйзамсыз сайып, алардын токтоосуз өлүмүнө алып келген деген шек бар», — деп айтылат документте.

Эки бейтап  47 жана 50 жаштагы эркектер — ушул айдын 13-17-ноябрында каза болушкан. Шектүү тарабынан экөө тең дарыланып, дары-дармектер берилген учурда «өтө оор абалда» болушкан.

Эссен полициясы адам өлтүрүү фактысы боюнча комиссия түзүп, дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин өлүмдүн бири жөнүндө көрсөтмө берип, өзүнүн иш-аракеттери менен «бейтаптын жана анын үй-бүлөсүнүн азап-тозогун» токтотууну каалагандыгын айткан.

Ошол эле учурда, Эссен университетинин ооруканасы 44 жаштагы дарыгер аталган мекемеде ушул жылдын февраль айынан бери иштеп келе жаткандыгын билдирди.

Клиниканын жетекчилиги прокуратура тергөө мекемесине кабарлагандан кийин дарыгерди жумушунан убактылуу четтеткен. Полиция тарабынан тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, клиникада башка эч кандай маалымат берилген жок.

Билддин айтымында, эки бейтаптын тең саламаттыгында олуттуу кыйынчылыктар болгон, ошондуктан SARS-CoV-2 инфекциясы оорунун күчөп кетишине алып келген

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>