COVID-19 жуккан күч кызматкерлеринин саны 82ге жетти

COVID-19 жуккан күч кызматкерлеринин саны 82ге жетти

Кыргызстанда күч органдарында иштеген кызматкерлердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 82 адамга жетти. Бул тууралуу 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 33ү айыгып чыкты. 49у дарылануусун улантууда.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1365 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 957 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>