Министрлер кабинети цементти Кыргызстанга импорттоого коюлган чектөөнү жокко чыгарды.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, 31-мартта кабыл алынган “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту.
Эске салсак, 31-мартта өкмөт айрым курулуш материалдарын өлкөгө импорттоого 6 айга тыюу салган. Анда боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушул сыяктуу гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо) импорттоого чектөө коюлган.