Site icon Reporter.kg

Цементти импортоого киргизилген чектөө алынды

Министрлер кабинети цементти Кыргызстанга импорттоого коюлган чектөөнү жокко чыгарды.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык,  31-мартта кабыл алынган “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту.

Эске салсак, 31-мартта өкмөт айрым курулуш материалдарын өлкөгө импорттоого 6 айга тыюу салган. Анда боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушул сыяктуу гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо) импорттоого чектөө коюлган.

Exit mobile version