Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы менен Мьянманын командасы менен боло турган беттештин билеттери сатыкка чыгарылды.
Оюн 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат саат 20:30да башталат.
Билеттер бүгүн, 3-октябрда 12:00дон баштап сатыкка чыгат. Баасы 250 сомдон 500 сомго чейин.
Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношот.
Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калды
17-июлда Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн