Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы Күрөштө дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди.
Аны «Манас» аэропортунан күйөрмандары жана президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баш болгон бийлик өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова кыздардын эркин күрөшүнөн б2 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.
Ал 20-сантябрда өткөн финалдык беттеште Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.
https://youtu.be/mq-Zh9MfLOw?t=274