Эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматты Reporter.kg`ге Дүйшөбаев өзү тастыктады.
“Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Эртең АКИpress маалымат агенттигинде бул тууралуу маалымат жыйын дагы берем”, – деди ал.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктан соң Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев жумуштан кеткен. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бул кызматка Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалганы 15-октябрда гана белгилүү болгон.
Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеген.