Site icon Reporter.kg

Дагы 11 боксчу Болгариядагы мелдеште күчүн сынайт

Кыргызстандык мушкерлер Болгарияда өтө турган бокс боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 2-12-февраль күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 11 боксчу барат.

Курама команда турнирге машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында катышат.

Курама команданын тизмеси:

— Анваржан Хожиев – 48 кг;

— Бекзат Эргешов – 51 кг;

— Руслан Эрнест уулу – 54 кг;

— Ислам Төрөбаев – 57 кг;

— Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов – 60 кг;

— Аскат Култаев – 63,5 кг;

— Элдар Турдубаев – 71 кг;

— Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов – 75 кг;

— Бекбол Мурасбеков – 86 кг.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык 11 боксчу Испанияда өтө турган Boxam эл аралык мелдешине катышары кабарланган. Бул мелдеш 29-январда башталып, 4-февралда жыйынтыкталат. Ага Нуржигит Дүйшебаев (51 кг), Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг), Мирзахид Имамназаров , Алмаз Орозбеков (63,3 кг), Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг), Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу (80 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (86 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (+92 кг) катышат.

Кыргызстандык 11 боксчу Испаниядагы мелдешке катышат

Exit mobile version