Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok′ту жабууну сунуштады — видео

TikTok социалдык тармагындагы контенттер кыргыз элинин менталитетине туура келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди. Анын айтымында, TikTok балдарга терс таасирин тийгизет. «Алар жылаңач денени, баңгизатты, спирт ичимдиктерин, зордук-зомбулукту көрсөтүшөт. Биздин менталитетибизге көп туура келбейт. Мунун баары балдарга тийгизген таасирин Маданият министрлиги көзөмөлдөп жатабы? TikTokту жабууга мүмкүнбү? Санариптик өнүктүрүү министрлиги алардын аккаунттарын … Читать далее Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok′ту жабууну сунуштады — видео