Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok′ту жабууну сунуштады — видео

Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok′ту жабууну сунуштады — видео

TikTok социалдык тармагындагы контенттер кыргыз элинин менталитетине туура келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.

Анын айтымында, TikTok балдарга терс таасирин тийгизет.

«Алар жылаңач денени, баңгизатты, спирт ичимдиктерин, зордук-зомбулукту көрсөтүшөт. Биздин менталитетибизге көп туура келбейт. Мунун баары балдарга тийгизген таасирин Маданият министрлиги көзөмөлдөп жатабы? TikTokту жабууга мүмкүнбү? Санариптик өнүктүрүү министрлиги алардын аккаунттарын жаап сала албайбы? Коомубуз, келечек муун бузулуп баратат. Жаба албасаң, күрөшүшүң керек. Кыргыз элинин менталитетин, каада-салтын даңазалагыла», — деди депутат.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жакын арада «Мета» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда социалдык тармактарга байланыштуу айрым маселелер карала турганын айтты.

«Албетте, биз, атап айтканда, мен дагы, ата катары социалдык тармактардагы айрым контенттерге көңүл бурабыз. Бирок ата-энелер балдардын социалдык түйүндөргө кирүүсүн көзөмөлдөп, телефон бербесе, анда терс кесепеттер болбойт. 23-октябрда “Мета” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуубуз керек болчу, бирок алар биздин өтүнүч боюнча аны жылдырышты. Келишим түзө алсак, көп маселелерди чечебиз», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин TikTok′ту жабуу демилгесин депутат Надира Нарматова көтөргөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>