Дагы бир Жогорку Кеңешке талапкердин Камчы Көлбаев менен сүрөтү жарыяланды
Тармактарда Жогорку Кеңешке талапкер Кудрет Тайчабаровдун ОПГ лидери Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарады.

Кудрет Марипович Тайчабаров Сокулук району боюнча №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жатат — учурда убактылуу эмгек жумушу жок.
40 жаштагы Тайчабаров мурда кыргыз тилдүү медиа булактарында иштеп, кино тасмаларда тартылып, бир катар жергиликтүү артисттер үчүн ыр тексттеринин автору болгон. Ал ошондой эле «Бишкек Эркин экономикалык аймактын» директору болуп иштеп, кийинчерээк КР Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фондунун төрагасы болуп дайындалган.
Эскерте кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы КР Убактылуу мамлекеттик комитетинин кызматкери Ильяс Амангазиевдин Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлигин каттоодон баш тарткан.