Site icon Reporter.kg

Дарыгерлер Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыгышты

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери медициналык мекеменин кайра түзүлүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты.

Тактап айтканда, оорукананы 2004-жылдан бери жетектеп келген Сабырбек Жумабековдун башкы дарыгерликтен алынып жатканына дарыгерлер нааразы.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун базасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу пландалып жатканын билдирген.

«Бул адамдар күнү-түнү жардамга кайрыла турган көп тармактуу медициналык мекеме болот. Учурда документтерди мыйзамдуу даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылган.

Exit mobile version