Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Дарыгерлер Сабырбек Жумабековду колдоп митингге чыгышты
03.02.2022 | 13:02
Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери медициналык мекеменин кайра түзүлүп жатканына байланыштуу митингге чыгышты.
Тактап айтканда, оорукананы 2004-жылдан бери жетектеп келген Сабырбек Жумабековдун башкы дарыгерликтен алынып жатканына дарыгерлер нааразы.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун базасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу пландалып жатканын билдирген.
“Бул адамдар күнү-түнү жардамга кайрыла турган көп тармактуу медициналык мекеме болот. Учурда документтерди мыйзамдуу даярдоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом