Дастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштады

05.03.2026 | 11:28

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшыра турган Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) акысыз кылуу демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлү ЖРТнын ар бир предмети үчүн каттоо акысы 200 сомдон 470 сомго чейин жогорулаганын белгиледи. Анын айтымында, баанын мындай өсүшү социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн каржылык абалына таасирин тийгизүүдө. Депутат үй-бүлөлөр тестке катталуудан тышкары, балдарын даярдоо үчүн кошумча акы төлөнүүчү курстарга да каражат жумшап жатышканына токтолду.

Дастан Бекешев эл аралык тажрыйбада, анын ичинде КМШ, Европа өлкөлөрүндө жана АКШда мындай тесттерди мамлекет өзү каржылай турганын айтты.

«Бюджет өстү, профицит болду. Эмнеге биздин мамлекет бул тармакка каражат бөлбөйт? Келгиле ушул жылдан баштайлы. 400 миллион болобу, канча болобу, өзүбүз эле төлөп берели. Бекер кылалы. Себеби мамлекет бүтүрүүчүлөрдү өзү даярдайт, эми өзү билим деңгээлине баа бериши керек», — деди депутат.

Жыйынтыгында Дастан Бекешев Агартуу министрлигине, ошондой эле Финансы министрлигине ЖРТны мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо маселесин иштеп чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады. Ал тестти жеке менчик компания өткөрсө да, каржылоо милдетин мамлекет өзүнө алышы керектигин баса белгиледи.

Scroll to Top