Кызматтан кеткени айтылган Дастан Жумабеков “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезексиз жыйынына келди. Бул тууралуу “Репортёдун” кабарчысы жеринен маалымдады.
Саат 16:00гө белгиленген отурум кворум жок болуп жаткандыктан башталбай турат. Муну Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев дагы тастыктады.