Site icon Reporter.kg

Депутат Абиров катышкан мушташ: Президент ИИМге тапшырма берди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев депутат Жаныбек Абировдун 12-мартта кафелердин биринде ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерин сабашы боюнча үн катты.

Анын айтымында, аталган окуя боюнча президентке кабар берилген.

«Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

Депутат Абиров катышкан мушташтын видеосу: Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version