Депутат Бакировду президенттик аппарат иш бөлмөсүнөн чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды. Бул маалыматты депутат өзү тастыктаган. Маалыматка караганда, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырган. «Жардамчыларым түшкү тамактануудан келгенде менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып кетишкенин көрүшүптүр», — деди ал. Депутат буга чейин бул тууралуу кабарланбаганын айтты. … Читать далее Депутат Бакировду президенттик аппарат иш бөлмөсүнөн чыгарды