Депутат Бакировду президенттик аппарат иш бөлмөсүнөн чыгарды

Депутат Бакировду президенттик аппарат иш бөлмөсүнөн чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылды. Бул маалыматты депутат өзү тастыктаган.

Маалыматка караганда, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырган.

«Жардамчыларым түшкү тамактануудан келгенде менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып кетишкенин көрүшүптүр», — деди ал.

Депутат буга чейин бул тууралуу кабарланбаганын айтты.

Президенттик аппараттын иш башкармалыгынан келген катта депутат 18-ноябрда саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуу керектиги айтылат. Бул жумуш орундарын тартипке келтирүү жана оптималдаштыруунун алкагында жасалып, депутатка башка кызмат иш бөлмө берилээри жазылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселе каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Бакиров кайым айтыша кеткен. Алтургай Ташиев депутатты сөгүп да жиберген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>