Депутат Баткенде курман болгон эки жоокердин ата-энелерине батир берди

Депутат Баткенде курман болгон эки жоокердин ата-энелерине батир берди

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Баткенде Тажикстандын кол салуусунан улам курман болгон эки жоокердин ата-энесине батир берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1996-жылы Жайыл районунун Калинин айылында туулган Турсунбаев Эрлан Баткенде чек арадагы чырда окко учкан. 26 жаштагы Эрландын аркасында апасы, эки бир тууганы калды.

Жоокердин апасы Эркин Ормушованы Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов тосуп алып, 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Жаңы эле салынып бүткөн, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн бул батир Эрландын жакындарынын күйүтүн баспаса дагы, Эрландын үйү деп эскерип, апасы үчүн жылуу-жумшак жашап турганга турак-жай болот.

Эли-жери үчүн баатырларча шейит кеткен Эрлан Турсунбаев үйлөнүп, апамды өз колума алып жашайбыз деп жаткан экен.

Батирге ээлик кыла турган бардык зарыл документтери ошол жерден эле эл депутаты Эльдар Сулаймановдун катышуусу менен каттатылып берилди. Ошондой эле, жаңы батирде Эрлан Турсунбаевге багышталып куран окулду.

Ушундай эле 2 бөлмөлүү батир Баткенде каза болгон Иманбек уулу Жеңиштин атасы Баймаратов Иманбекке да тапшырылды.

Тажикстандын агрессиясынан Ата-Мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон Иманбек уулу Жеңиш 2000-жылы Жумгал районундагы Миң-Куш айылында туулган. 22 жаштагы баатыр Иманбек уулу Жеңишке арналган бардык шарттары бар батир анын ата-энесине тапшырылды.

Алардын кайгысын тең бөлүшүп, батир берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановго ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>