Site icon Reporter.kg

Депутат: Баткендеги кагылышууда октор эскилигинен атылбай койду

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу учурунда аскерлер жетиштүү түрдө ок-дары менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, аскер кампаларында эски ок-дарылар болгон.

“Чек арадагы кагылышууда аскерлерге мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарылар берилип, алар атылбай койду. Утилизация болушу керек болчу. Көп нерсени ачык айта албайм. Ок-дары жетишпесе дагы биздин жоокерлер баатыр экен, туруп беришти”, — дейт Камила Талиева.

Коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаевдин айтымында, Баткенде ачылган жаңы заставаларга курал-жарак кампалары курулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында жана 2022-жылдын сентябрь айында ири кагылышуу катталып, анын жыйынтыгында биринчи жолу 36, экинчисинде 62 киши каза болду.

Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version