Депутат «президент» деген кызматты жоюп салууну сунуштады

Депутат «президент» деген кызматты жоюп салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президент деген кызматты жоюп салууну өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу сунуштап, жарандарды талкууга катышууга чакырды.

“Урматтуу достор, жана “не очень” достор. Бир ой жүгүртөйүн. Талкууга чакырамын. Жеке кишиге тиешеси жок.

Өлкөдө беш Президент болду, — илимдүү академик, мыкты ишкер, чыгармачыл адам жана ийгиликтүү ишкер, айыл чарба адис, спортсмен…

Эмнегедир бирөөсү да элге жагымдуу боло албады. Бийликке келсе эле эч кимди укпайт, өтө билимдүү боло калат. Тууган-уруктары аралашып кетишет, башкарууга.

Балким “Президент”- деген кызматты такыр эле жоюп таштасак кандай?

Күчтүү парламент, күчтүү Өкмөт. Бир да жетекчини коргобой эле койсок. Кызматынан кеткенден кийин орточо айлык калтырсак кандай?

Пикир алмашалы, күзгө чейин убакыт бар… Балким жыйынтыгында бир мыйзам долбоору бышып калаар…”-деп сунушун жазды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>