Депутат сот арачылары институтун Кыргызстанда киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жыйында сот арачылары институтун киргизүү зарылдыгын сот реформасынын негизги багыттарынын бири катары белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомчулукта сот системасына карата олуттуу нааразычылык байкалууда жана көпчүлүк учурда бул негиздүү. Негизги көйгөйлөр катары ал соттук создуктуруу, коррупция, тууганчылык жана иштердин негизсиз узартылышын атады.
Депутат белгилегендей, сот арачылары институту Конституцияда каралганына карабастан, аны ишке киргизүү кийинкиге жылдырылган. Ошол эле учурда, анын пикиринде, бул механизм сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга жардам берет.
«Жарандар даттанып, иштердин материалдарын кылдат изилдегенде, көпчүлүк учурда нааразычылык негиздүү экенине ынанасың. Бул — создуктуруу, коррупция жана тууганчылык», — деди Медер Алиев.
Ал сот арачыларынын негизги артыкчылыктарынын бири катары соттук процесстеги тараптардын атаандаштыгын камсыз кылууну белгиледи.
«Сот арачылары жок шартта сот процесстери көп учурда жай өтөт. Прокурор айыптоону окуп берет, андан кийин судья чечим чыгарат. Мында атаандаштык толук деңгээлде ишке ашпайт», — деди депутат.
Парламентарийдин айтымында, бул айрым учурда судьялар мурда укук коргоо органдарында иштегендигине байланыштуу болуп, алардын кесиптик көз карашына таасир этет.
Медер Алиев кошумчалагандай, сот арачылары институтун киргизүү сот процесстеринде далилдөө базасын күчөтөт, анткени айыптоо тарабы айыпты кылдат негиздөөгө мажбур болот.
Мындан тышкары, ал бул механизм коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө да өбөлгө түзөрүн белгиледи.
«Кыргызстан чакан өлкө, көпчүлүк судьялар бири-бирин тааныйт. Арачыларды туш келди тандоо мындай факторлорго бөгөт коё алат», — деди ал.
Депутат ошондой эле жарандардын сот адилеттигин ишке ашырууга катышуусу демократиянын негизги принциптеринин бири экенин баса белгиледи.
Ошол эле учурда ал сот арачылары институтунун кемчиликтери да бар экенин моюнга алып, бирок анын артыкчылыктары көбүрөөк экенин айтты.
Парламентарий бул системаны жок дегенде пилоттук режимде Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунуштады.