Депутат Сулайманов: Өкмөт саат сыяктуу иштеши керек

Депутат Сулайманов: Өкмөт саат сыяктуу иштеши керек

“Өкмөт саат сыяктуу иштеши керек. Экономиканы кайра калыбына келтирүү тууралуу олуттуу убадалар берилип, өлкөнү өнүктүрүү тууралуу натыйжалуу программалар көрсөтүлгөн. Бирок эки жыл аралыгында Өкмөт тарабынан эч кандай алгылыктуу сунуштар болгон жок” – деди депутат Алтынбек Сулайманов, бүгүн 12-майдагы  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында.

Тармактык комитет жыйында Өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу премьер-министрдин отчетун угушту.

Депутат Премьер-министрге кайрылып жатып, жаңы чечимдер жок экенин белгиледи.

“Өкмөт мамлекеттин үлүшү менен ишканаларды ачууда. Алардын көпчүлүгү дотацияда турат. Өлкөнү өнүктүрүү программасы жок, республикалык бюджетти экономиканы өстүрүүгө багытталган эмес. Кыргызстан тарыхындагы бир жылдан ашык кызматта олтурган үчүнчү премьер-министрсиз. Эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканыңызга карабай, ишиңиздин олуттуу жыйынтыгы болбой келет”, – деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>