Добуш сатып алууга шектелип, Жогорку Кеңешке талапкер кармалды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Кадамжай шайлоо округунан талапкер добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында милиция кызматкерлери белгисиз адамдар тарабынан парламенттик шайлоонун алдында акча таратуу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу пландалганы аныкталган. Бул максатта жарандарды Бишкек шаарындагы тамактануучу жайлардын бирине чакырышканы белгилүү болгон.
Ыкчам иштердин жүрүшүндө 24-октябрда саат 18:00дөн 21:30га чейин аталган тамактануучу жайда коомдук турмушка активдүү катышкан жана жергиликтүү тургундардын урмат-сыйына ээ болгон 15тен ашык жаран чогулгандыгы аныкталган.
Текшерүү маалында парламенттик шайлоодо №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча катышуу ниетин билдирген 45 жаштагы К.С. шайлоочуларга үгүт иштерин жүргүзүп, добуш сатып алуу максатында материалдык сыйлык жана убадаларды бергени белгилүү болгон. Мындан тышкары, иш-чара өткөрүлгөн жердеги чыгымдарды К.С өз каражатынан 19 миң 300 сом төлөгөнү тастыкталган.
Бул факты боюнча иш-чаранын бардык катышуучулары Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.
7-ноябрда С.Кга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча иш козголуп, бөгөт чарасы катары башка жакка кетпөө боюнча тил кат алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.