ДССУ COVID’га каршы вакцина качан толук жеткиликтүү болорун айтты

ДССУ COVID’га каршы вакцина качан толук жеткиликтүү болорун айтты

Коронавируска каршы вакцина 2021-жылдын биринчи жарымынан тарта толук жеткиликтүү болору пландалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы окумуштуусу Сумья Сваминатхан билдиргенин ТАСС басылмасы жазды.

Анын айтымында, учурда уюмдун башкы максаты тобокелге салынган адамдарга, айрыкча саламаттыкты сактоо кызматкерлерине вакцинанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Сваминатан ушул этапта ДССУ оптимисттик маанайда экендигин жана бардык потенциалдуу өндүрүүчүлөр менен иштешип жаткандыгын белгиледи. Тандоо үчүн вакциналардын бүтүндөй портфолиосу керек экендигин да айтты.

Буга чейин ДССУнун башчысы Тедрос Адан Гебресиес SARS-CoV-2 вакцина коронавирус пандемиясын токтото албайт, бул үчүн бир катар иш-чаралар талап кылынат деген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>