Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн жайкы билим берүү мектеби өтүүдө

Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн жайкы билим берүү мектеби өтүүдө

Тажикстандын борбору Душанбеде 15-18-июль күндөрү жаштарга арналган адам укуктары боюнча жайкы билим берүү мектеби өтүүдө. Бул тууралуу тажикстандык «Ховар» маалымат агенттиги билдирди.

Иш-чара Тажикстандын КМШга төрагалыгынын алкагында Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан уюштурулууда.

Жайкы мектепте теориялык жана практикалык сабактар өтүп, алар адам укуктары боюнча актуалдуу маселелерге, адамдын укуктары менен эркиндиктерине урмат көрсөтүү жана аларды сактоого арналат.

«Бул ирет биринчи жолу КМШга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү да катышып жатышат»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>