Душанбеде Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

Душанбеде Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

Тажикстандын борбору Душанбеде Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү концерттер жана башка чыгармачыл иш-чаралар өткөрүлүп, кеңири коомчулукка Кыргызстандын бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айрыкча салттуу өнөргө, элдик музыкага, заманбап сахна искусствосуна жана эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттарынын өз ара тажрыйба алмашуусуна басым жасалган.

«Маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий кызматташтыктын 30 жылдык мааракесинин алдында өтүп жатканы менен да өзгөчө мааниге ээ болду. Бул иш-чаралар кыргыз-тажик мамилелерин, айрыкча гуманитардык жана маданий тармактардагы кызматташууну чыңдоодо маанилүү кадам болуп калды»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>