Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) чейрек финалга чыкты.
Ал килем үстүнө бүгүн, 12-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттеште ал венгриялык балбанды 8:0 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек, 11-сентябрда Акжол Махмудов (77 кг) дүйнө чемпиону болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз