Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу органдарды трансплантациялоо операциялары жасала баштады. Адамдагы эң маанилүү болгон боор, бөйрөк жана сөөк чучугун алмаштыруу операциялары эми өзүбүздөн жасалууда. Болгондо да бекер. Мамлекет бардык чыгымдарын өз мойнуна алды.
Буга чейин жалаң гана чет өлкөдөн жасалып келген оор операцияларды өзүбүздөн жасоо чечими олуттуу бирок жоопкерчиликтүү эле. Себеби Кыргызстандын ооруканаларындагы медициналык жабдыктар менен дарыгерлердин тажрыйбасы да жетишсиз. Анан да адам өмүрүн тобокелдикке салуу жоопкерчилиги бар.
Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор чет жака жете албай, айласыздан өмүрү менен коштошуп, өмүрү аянычтуу аяктаган учурлар көп элекатталгандыктан бул жаңылык элге жагымдуу болду.
Алгачкы операция 2023-жылдын 1-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча жасалган. Андан бери жалпы көп адамга аталган операция жасалды.
Президент өз сөзүндө, “Мындай операция чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Бирок бул чыгымды мамлекет төлөп берет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат», — деп билдирген.
Муну менен Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүү максаты да каралган. Операция жасатууга чет өлкөдөн келген бейтаптардан көп суммадагы каражат бюджетке калат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алгандардын саны-2600 адамды түзөт. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Демек бир жылга гемодиализге мамлекеттик бюджеттен болжолдуу 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө.
Алгачкысы, 2024-жылдын 10-11-июнунда боор алмаштыруу операциясы жасалды. Анда50-51 жаштагы эки бейтапка өздөрүнүн 27 жана 31 жаштагы кыздары донор болуп, операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптар кезекке жазылып, улам даяр болгону кезек-кезеги менен жасалууда.
Бул үчүн аталган ооруканага миллион долларга жабдуу сатып алынган. Сөөк чучугун трансплантациялоо операциясына үч бөбөк жана бир чоң адам даярдалган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай коркунучтуу дарт менен көбүнчө жаш балдар жабыркайт, арасында чоңдор дагы кездешкен учурлар катталат. Бул операциянын башка операциялардан айырмачылыгы, ал бир нече процесс менен жасала турган, өтө татаал операция. Операцияны Түркиядан окуп келген кыргызстандык дарыгерлер жасоодо. Мындай операция чет өлкөдө 100-160 миң доллартурат. Министрликтин маалыматына ылайык, биздин өлкөдө жылына 200гө жакын жаш балдар онкологиялык дартка чалдыгат. Эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүндө жылына болжол менен 500-600 бала дарыланат. Бейтаптардын дээрлик тең жарымы ак кан оорусу менен ооруганы далилденген. Алардын көпчүлүгү сөөк чучугун алмаштырууга муктаж.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, рак оорусуна чалдыккан балдардын операциясы акысыз болуп, дары-дармектери «Кыргызфармация»мамлекеттин мекемеси тарабынан бекер берилет.