Дүйнөлүк банктын жыл сайын жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, акыркы үч жылда Кыргызстанда турмуш шарттары жана калктын өкмөткө болгон ишеними кыйла жакшырган. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады.
Маалыматка ылайык, өкмөт жүргүзгөн реформаларды колдогондор 2022-жылы 70% болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 90%ке жеткен. Финансылык жактан өзүн туруктуу сезгендер 33%дан 80%ке чейин көбөйгөн. Экономиканын багытына ишенгендер 91%ти түздү.
Сурамжылоо көрсөткөндөй, тамак-аш жетишсиздиги кескин кыскарган: ачка калган үй-бүлөлөр 12%дан 2%ке чейин, бир күн тамаксыз калгандар 8%дан 2%ке чейин азайган. Үй-бүлөлөрдүн 86%ы азык-түлүк жетиштүү деп билдиришти.
Коррупцияга каршы күрөшүүдө өкмөттүн аракетин айыл тургундарынын 93%, шаар тургундарынын 89%ы оң баалашкан. Ал эми жашоосуна ыраазы болгон жарандардын үлүшү 54%дан 80%ке өскөн.
Мындан тышкары, 76% жаран азыр иш баштоого ыңгайлуу мезгил деп эсептесе, 87%ы социалдык жардам системасы жакшырганын белгилешти.
Дүйнөлүк банк бул сурамжылоону ар жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдө бейтарап негизде жүргүзүп келет.