Кыргызстандык балбан Адина Көчкөнбаева 57 салмакта иорданиялык каршылашын жеңип, кийинки баскычка өттү.
Ал эми Айсулуу Мусакунова 48 салмакта кытайлык Ли Янгга утулду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында Азия жана Океания чемпионатына старт алды.
Буга чейин, Ксения Бельдягина Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатындагы алгачкы кармашында Гонконгдук Нок Лам Ёнгду жеңген.