ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эмгек акынын көлөмү эң төмөн

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эмгек акынын көлөмү эң төмөн

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн эмгек акы Кыргызстанда экени аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентбрь айларында эмгек акынын көлөмү 237 долларды (Улуттук банктын сентябрь айындагы официалдуу курсуна ылайык) түзгөн. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда маалымдалат.

Орточо эмгек акынын жогорку көрсөткүчү Орусияда 700 доллар же 49.4 миң рубль. Казакстандыктар айына 504 доллар же 205 миң теңге  табышат. Белорусиянын жарандарынын эмгек акысы 503 долларды, Арменияныкы 386 долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы америка валютасы  менен алып караганда 211 долларга барабар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>