ЕАЭБ баңгизаттарды жана психотроптук заттарды экспорттоого лицензия алууну жөнөкөйлөттү

18.02.2026 | 13:32

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун экспорттоого лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу жол-жобосун оптималдаштыруу чечимин кабыл алды.

Өзгөртүүлөр аталган заттарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып келүү жана андан ташып чыгуу жөнүндө Жобого киргизилди. Жаңы киргизилген тартиптин негизги максаты — тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына болгон административдик жүктөмдү азайтуу.

Жаңы эрежелерге ылайык, документтерди берүү жол-жобосу электрондук формат менен толукталды. ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян түшүндүргөндөй, эми импорттоочу өлкөнүн компетенттүү органынан алынган уруксат берүүчү документти түп нуска (оригинал) же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө гана эмес, башка форматта да берүүгө болот.

«Документти кагаз түрүндө эле эмес, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн электрондук же сканерленген документ түрүндө да берүү мүмкүнчүлүгү белгиленүүдө», — деп баса белгиледи ЕЭКтин өкүлү.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө жана биримдиктин ичинде же андан тышкары өзгөчө категориядагы товарларды ташууда зарыл болгон уруксаттарды тариздөө процессин тездетүүгө багытталган.

Scroll to Top