ЕАЭБ: Евразиялык робототехниканы өнүктүрүү демилгеленүүдө

ЕАЭБ: Евразиялык робототехниканы өнүктүрүү демилгеленүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибине 42 маселе киргизилген.

Алардын бири болуп артыкчылыктуу евразиялык технологиялык платформаларды түзүү алкагында «Робототехника» евразиялык технологиялык платформасын түзүү масекелси каралган. Демилге ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде робототехниканы өнүктүрүүгө, өнөр жай роботторун өндүрүүгө жана киргизүүгө багытталган.

Кыргызстандын атынан платформанын негиздөөчүлөрү болуп И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>