Евразиялык экономикалык комиссия кеңешинин (ЕЭК) мүчөлөрү унаага болгон бажы төлөмдөрүн жеңил тарифин узартуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
19-ноябрда Москва шаарында өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынына вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров катышкан.
Буга чеийн Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдетилген тарифи аяктарын айткан. Башканча айтканда үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы төлөмү 11 эсе кымбаттайт.
Түшүнүктү кылып айтсак, 2009-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасынын бажыдан өткөргөн баасы ушул жылдын 31-декабрына чейин 1250 доллар болсо, 1-январдан тарта 13,6 миң долларга чыкмакчы.